Кыргызстанда быйыл каржы тармагындагы ишканалардын кирешеси 11,4%га өстү

Кыргызстанда быйыл 9 ай ичинде финансы тармагындагы ишканалардан 46 миллиард сомго жакын киреше алынды. Улуттук статистика комитети бул көрсөткүч былтыркыдан 11,4%га көп экенин белгилөөдө.

Алсак, жыл башынан бери өлкөнүн финансы секторунда 609 уюм иштеген. Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 312 күрөөканалар, 153 микрокредиттик уюмдар, 105 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм бар.

Жалпы тармактагы кирешенин 62%ын банктар, 17%дан ашыгын микрокредиттик уюмдар жана 14%ын ломбарддар камсыздады.

Ошол эле кезде чыгымдар да 6,7%га көбөйүп, 31 млрд. сомду түздү.

 

Быйыл экономиканын финансы секторундагы ишканалардан жалпы 15 млрд. сомго жакын пайда алынган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 23%га көп. Анын 77 пайызын Улуттук банктын кирешесинин өсүүсү камсыздаган.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо