Ошто он айда жол кырсыгынан 102 киши каза болду

Кара-Суудагы жол кырсыгы. "Т-Медиа" тарткан сүрөт

Ош облусунун аймагында быйыл жыл башынан бери (он айдын ичинде) 660 автокырсык катталып, андан 102 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 1157 адам жаракат алды. Бул тууралуу 21-ноябрда Кыргызстанда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган иш-чарада айтылды.

Ош аймактык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңгизбаев «Т-Медиага» билдиргендей, эскерүү иш-чарасына Бишкек — Ош эл аралык маанидеги автожолунун боюнда жайгашкан айылдардын тургундары, дин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун Мады, Отуз-Адыр жана Алай районунун Жаңы-Алай аймагынын айыл башчылары келген. Мындан тышкары Ош облустук билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жол кыймылынын жаш инспекторлору, облустук казыяттын өкүлдөрү жана Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери катышты.

Чыгып сүйлөгөндөр жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен жер-жерлерде жарандар арасында жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтышкан. Иш-чара убагында инспекторлор айдоочуларга жол эрежелерин сактоо багытында атайын китепчелерди тараткан.

Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат. 16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Бир ай мурун Таластагы автокырсыкта тогуз киши набыт болгон.

Автор Т-медиа 11405 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*