Баткенде аткезчилик менен алынып келе жаткан 11 миң таңгак тамеки кармалды

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 21-23-ноябрь күндөрү Баткен облусунун аймагында эки аткезчилик учур катталды.

21-ноябрь күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында Тажикстанга 250 кг конфет өткөрмөкчү болгон жаран кармалган. Айдоочу Кыргызстандын 20 жаштагы тургуну болгон. 

Эки күндөн кийин 23-ноябрда ошол эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылында чек ара кызматы «AUDI» унаасын токтотушкан. Унааны кароо учурунда 11 000 таңгак «ESSE CHANGE» тамекиси табылган.  Айдоочу товарды Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, аткезчилик менен алынып келе жаткан товардын баасы 1 100 000 сомду түзөт.

Кармалган жарандар менен товарлар кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо