Болгариянын батышында автобус кырсыктап, 45 адам набыт болду

Сүрөт: РИА Новости

Болгариянын батышында автобус кырсыктап, болжол менен 45 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Улуттук тергөө кызматынын жетекчиси Борислав Сарафовдун айтымында, көз жумгандардын 12си жаш балдар.

Кырсык 23-ноябрга караган түнү «Стурма» автомагистралында болгон. Каза болгондордун көбү түндүк македониялык туристтер экени айтылды. Азырынча кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Маалымат каражаттары адистерге таянып техникалык себеп болушу мүмкүн экенин жазышууда.

«Жүргүнчүлөрдүн денеси таанылгыс болуп күйүп кеткен. Каза болгондордун ар биринин өздүгүн тактоо үчүн үлгүлөрдү алышыбыз керек», — деп айтылат маалыматта. 

Автобуста жалпы 52 адам болгон, Учурда аман калган жети жүргүнчү Софиядагы ооруканага жаткырылды. 

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*