
Бишкек-Ош автожолунун Кара-Суу районундагы бөлүгүндөгү кырсыктан каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти. Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 25 жаштагы бейтап кечээ, 22-ноябрда көз жумган. Бул тууралуу «Т-Медиага» оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Азизбек Жунусов билдирди.
Маркум Кара-Суу районунун тургуну болчу, дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалап жатышкан. Жунусовдун айтымында, учурда алты адам аталган бейтапканада жатышат. Алардын абалы туруктуу.
Кан жолдогу үрөй учурган окуя 16-ноябрда саат 11:30 чамасында болгон. Чак түштөгү кырсыкта «Камаз», Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагылышкан. Каргашада жеринде жети адам каза таап, 16 адам жабыркаган. Ошол күнү кечинде 15 жаштагы дагы бир бейтап жан берди. Өспүрүм ооруканага оор абалда жеткирилген. Каза болгондор Ош облусундагы Жаңы-Алай, Каарман, Учкун айылдарынын тургундары.
Ош облусунун аймагында быйыл жыл башынан бери (он айдын ичинде) 660 автокырсык катталып, андан 102 адам каза болгон. Арасында балдар да бар. Дагы 1157 адам ар кандай жаракат алган.
Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.
Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат. Бир ай мурун Таластагы автокырсыкта тогуз киши набыт болгон.
Оставьте первый комментарий