Маматалиев: суунун башында туруп, электр энергиясын сатуучу эмес, сатып алуучу өлкө болдук

Марлен Маматалиев. 22-ноябрдын кечиндеги дебаттын катышуучулары

Тилекке каршы, суунун башында туруп, электр энергиясын сатуучу эмес, сатып алуучу өлкө болуп жатабыз. Мындай пикирин «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиев Коомдук телерадиоберүү корпорациясында Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу дебатта билдирди.

22-ноябрдын кечинде болгон теледебатка төрт партиянын – «Аруузат – Эл Куту», «Ишеним», «Ынтымак» жана «Альянстын» өкүлдөрү катышты. Алып баруучулар «Дүйнөнүн экономикалык картасында Кыргызстандын орду кандай? Аны кантип аныктоо керек?» деген собол коюшту.

«Албетте, бизде мунай менен газ жок. Бирок бизде кудай берген суубуз бар. Кеминде 35 миң дарыябыз бар экен. Тилекке каршы, суунун башында туруп, электр энергиясын сатуучу эмес, сатып алуучу өлкө болуп жатабыз. Биз мына ошол сууну туура колдонуу боюнча программаларыбыз бар. Дарыяларга чакан гидроэлектрстанцияларын куруп, күн менен, шамал менен иштөөчү электростанцияларын да курушубуз абзел. Бул боюнча даяр долбоорлорубуз бар», -дейт Маматалиев.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаратылыш газын өндүрүү 22,4 миллион метр кубду түздү. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 108 миллион тонна чийки мунай запасы бар. Бирок Кыргызстандагы онго жакын мунай иштетүүчү заводдун бирөө гана толук кандуу иштеп жатат. Потенциалдуу түрдө Кыргызстан өз алдынча жылына 1,5 миллион тоннага жакын күйүүчү май менен жылына 2 миллион тоннага жакын күйүүчү май өндүрө алат.

Нефть жана алардан алынган продукциялар Өзбекстанга туруктуу экспорттолот. 

2021-жылы бир катар себептерден улам Кыргызстан суу сактагычтардагы суунун жетишсиздиги, ал тургай дыйкандардын талааларында кургакчылык көйгөйүнө туш болду.

«Экологиялык катастрофа». Кыргызстан кургакчылыктан жабыркоодо

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*