Зикиров: депутаттар эки мөөнөттөн ашык шайланбаш үчүн люстрация мыйзамын кабыл алабыз

Советбек Зикиров. 22-ноябрдын кечиндеги КТРКдагы теледебаттан скриншот алынды

Жогорку Кеңешке депуттарды эки мөөнөткө гана шайлай турган мыйзам кабыл алынышы керек. Мындай пикирин 22-ноябрда КТРКдагы дебатта «Аруузат Эл Куту» аялдар партиясынын өкүлү Советбек Зикиров айтты. 

Ал депутаттардын саны 120дан 90го түшкөнүн белгилеп, эми сапатты оңдоо зарылдыгына токтолду. Ошондой эле айрым депутаттар отуз жылдын ичинде 3-4 жолу шайланганын белгиледи.

«Азыр биз сандарын азайттык, сапатына басым жасаган жокпуз. Тарыхты карасак мен мектепте окуп жатканда депутат болуп жүргөн кишилер дагы деле парламентте жүрөт же шайлоого кайра баратат. Үч-төрт жолу депутат болду. Ошол эле депутаттар канча президент менен иштешти. Акаев, Бакиевди качырышты, Атамбаевди каматышты, дагы бирин бийликтен алып түштү. Азыр дебатта катышып жаткан талапкерлер албетте жаш, бирок булардын партиясында, маселен “Ынтымакта” 10 депутат кайра парламентке баратат. “Ишенимде” алты депутат, “Альянста” дагы 10 депутат кайра эл өкүлү болуп келгиси келип жатат. Ошондуктан эгер биз шайланып келсек, депутаттардын эки мөөнөттөн ашык шайлануусуна тыюу сала турган мыйзам киргизебиз. Эгерде ушул мыйзамды киргизсек, 2026-жылы таптакыр жаңы депутаттар, жаңы жүздөр келмек”, — деди ал.  

Ал эми анын оппоненттери мындай чектөө менен «жакшы иштеген депутаттар дагы шайланбай калышы мүмкүн» деп билдиришти.

«Т-Медиа» talapker.shailoo.gov.kg сайтында жарыяланган партиялардын тизмесине саресеп салып, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы 120 депутаттын 54ү парламентке кайра баратканын аныктап чыккан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 296 талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо