ВИЧ инфекциясын жугузган жаштар көбөйүүдө

Өлкөдө ВИЧ илдетин алып жүргөн адамдардын саны 2021- жылдын ноябрь айына карата 10 000ден ашты. Ош шаарында бул жылы илдет 39 адамдан аныкталса, облус боюнча бул көрсөткүч 52ге жеткен. Бул тууралуу Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан билдиришти.

Борбордогу дарыгерлердин айтымында бул илдетти көбүрөөк жаштар жугузуп алууда.

«2016-жылга чейин ВИЧ инфекциясын парентералдык тактап айтканда кандан кан аркылуу жолу менен жугузгандар көп катталып келген. Алар көбүнчө баңги заттар колдонгондордун арасында көп катталчу. 2016-жылдан бери бул вирусту жыныстык жол менен жугузуп алгандар көп катталып жатат. Тилекке каршы, жаңы катталган учурлардын 70-80%ы жыныстык жол менен жугузуп алган жарандар болууда. Бул миграцияда жүргөн жаштар арасында катталууда» – дейт Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун бөлүм башчысы Улугбек Моторов

Буга чейин, Орусияга 90 күндөн узак мөөнөткө барган чет элдик жарандар жана эмгек мигранттары 29-декабрдан баштап ВИЧ инфекциясы менен маңзатка каршы медициналык маалымкат тапшырып турууга милдеттендирилген эле. Мигранттар медициналык күбөлөндүрүү документин баштапкысынын жарактуулук мөөнөтү бүткөн 30 күн аралыгында тапшырып турушу керек.

СПИДге каршы күрөшүү боюнча бүткүл дүйнөлүк күнгө карата Кыргызстанда бир айлык өнөктүк жүрөт. Бул мезгилде жарандар борбордун бардык бөлүмдөрүнөн шилекейден аныктаган экспресс-тесттерди акысыз жана купуя түрдө алып, өз алдынча тесттен өтө алат. Мындан тышкары, ири гипермаркеттерден анонимдүү тестирлөөдөн өтүп, акцияга жана өнөктүккө катышса болот.

ВИЧ же АИВ – ал адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу – бул адамдын организминдеги клеткалардын эсебинен жашап жана көбөйгөн микроорганизмдер. Жөнөкөй сөз менен айтканда адамдын иммунитетин жеген вирус.

Көпчүлүк адамдар ВИЧ менен СПИДдин айырмасын ажырата биле беришпейт. АИВ инфекциясынын эң акыркы баскычы – СПИД. Адам бул ооруга чалдыкканда анын иммунитети такыр жок болуп, жеңил өтүп кетчү ооруларга да туруштук бере албай калат.

АИВ 3 жол менен гана жугат:
Жыныстык катнаш аркылуу;
АИВ инфекциясы бар адам менен бир шприц же ийне колдонуу аркылуу;
Энеден балага (эненин сүтү аркылуу).

2021-жылдын 9 айында Кыргызстанда 400 миңден ашуун адам ВИЧке текшерилген. Аны менен ооруган 598 адам аныкталып, 81,3 пайызы илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алганы белгилүү болду.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо