
Быйыл октябрда коронавирус жуктургандардын саны өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 4,6 эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып 24-ноябрда билдирди.
Октябрда инфекцияны жуктурган 2865 киши катталды. Былтыр бул айда оору 13 миң адамдан аныкталган.
COVID-19 инфекциясы эң көп Бишкек шаарында катталып жатат. Жалпы жуктургандардын 51%ы борбор калаага туура келет. Андан кийин ооругандардын 26 пайызы Чүй, 12 пайызы Ысык-Көл облустарында.
Кыргызстанда коронавирус биринчи жолу 2020-жылы март айында катталган. Пандемия башталгандан бери ооруну жуктургандар 182 996га жетти. Анын ичинен 177 миң киши сакайып, 2732 бейтап каза болду.
Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айынын аягында башталган. Учурда 1 миллиондон ашык адам вакцинанын биринчи дозасын 858 216 киши эки дозасын тең алды. Эмдөөгө «Sinopfarm», «Спутник V», AstraZeneca вакциналары колдонулуп жатат.
Оставьте первый комментарий