30 тонна цемент түшүргөн. Ноокатта добуш сатып алуу фактысы катталды

Ноокатта талапкер Жаңы-Ноокат аймагынын жолун оңдоону убадалап, айылга 30 тонна цемент түшүрүп бергени аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 25-ноябрда билдирди.

Аталган фактыны ИИМ добуш сатып алуу катары каттаган. Милиция талапкердин аты жөнүн ачыктаган жок.

Маалыматка караганда парламенттик шайлоого бир мандаттуу №4-Көк-Жар шайлоо округунан катышып жаткан талапкер 7-ноябрда Жаңы-Ноокатта эл менен жолуккан. Ал иш-чарада айылды таза суу менен камсыздап, жолун оңдоп берүүнү убадалаган.

Кийин 9-ноябрда аймакка талапкердин атынан “Синжи-Прим” цемент заводунун айдоочусу 149 500 сомдук, 30 тонна цемент жеткирген.

«30 тонна цемент талапкердин атынан Жаңы-Ноокат аймагынын Тескей бөлүмүнүн жашоочуларына айылдын жолун оңдотуу үчүн деп жиберилген. Цемент кампага жашоочулардын катышуусунда ашар жолу менен түшүрүлгөн» — деп айтылат маалыматта.

Милиция бул ишти талапкердин штаб башчысы менен шайлоо участкасынын төрагасы биргеликте жасаган деп шектеп жатат. Иш соттук кароого жөнөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ноокаттагы №4-Көк-Жар шайлоо округунан 8 талапкер катышууда.

Бүгүн Ош шаардык милициясы добуш сатып алууга шектеп, «Ыйман Нуру» партиясынын үгүтчүлөрүн кармаганын билдирген.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо