97% жумушсуздар. «Күчтүү регион» партиясынын тизмесинде кимдер бар?

"Т-Медианын" коллажы

БШКнын talapker.shailoo.gov.kg сайтындагы маалыматка ылайык, «Күчтүү регион» партиясы башкалардан айырмаланып тизмесине 30 гана адамды киргизген. Андагы талапкерлердин ичинен 29у жумушсуз жарандар болуп чыкты. Кызыгы партияда «ишсиз» деп көрсөтүлгөн жарандардын атына таандык бир нече компаниялар бар. 

«Күчтүү регион» парламенттик шайлоого алгач катышып жаткан жаш партия. Саясий уюм быйыл шайлоо алдында, тагыраагы 2021-жылдын 6-августунда түзүлгөн. Негиздөөчүлөрү 12 адамдан турат. Партиянын жетекчиси деп көрсөтүлгөн эки адам айыл өкмөт башчылары. Алардын бири — Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек Көлбаев. Өткөн жылы аталган райондун тургундары өкмөт үйүнө митингге чыгып, Көлбаев айдоочусу аркылуу жер тилкелерине байланыштуу махинацияларды кылганын билдиришкен.

Данияр Астаров

Партиянын экинчи директору — Данияр Астаров, ал Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы. Астаров «Күчтүү региондун» тизмесинде экинчи катарда шайлоого аттанды. Анын 2017-2018-жылы тапшырган декларациясында бир жылдык кирешеси менен 180 миң сомдук «Ниссан примьера» үлгүсүндөгү автоунаасынан башка эч нерсе көрсөтүлгөн эмес. 

Бурул Асакеева

Бурул Асакеева да «Күчтүү регион» партиясынын тизмесинде 3-номерде баратат. Ал “жумушсуз” деп көрсөтүлгөнү менен эки компаниянын директору. 

  1. «Авантаж Плюс» — электр жабдыктарын өндүргөн компания;
  2. «Биринчи аймактык» компаниясы. 

Бактыбек Турсуналиев

Тизмеде төртүнчү орунда бараткан талапкер Бактыбек Турсуналиев да «Күчтүү региондун» негиздөөчүлөрүнүн бири. 

Сталбек Мамбетакунов

Тизмеде Чүйдүн Аламүдүн районунун Пригород айыл аймагынын мурдагы башчысы Сталбек Мамбетакунов да бар. Ал 7-номерде көрсөтүлгөн. 

Тейитбек Алиев

Ал партиянын катарында 8-орунда турат. Алиев 2013-жылдары Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. talapker.kg сайтындагы маалыматка караганда, учурда жумушсуз. Ачык булактардан ага таандык компания же фирмалар табылган жок.

Тизмени сыдырганда 10-катардан Чүй облусундагы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Алмазбек Кариповду учуратууга болот. 

Дагы бир экс-айыл өкмөт башчы Урматбек Отунчиев да «Күчтүү регионго» кошулган. Тизмеде ал 11-катарда. Отунчиев 2015-2018-жылдар аралыгында Чүйдүн Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүн башкарган.  declarator.politmer.kg сайтындагы маалымат боюнча, Урматбек Отунчиевдин атына таандык 84 чарчы метрлик турак-жай, эки чарчы метр жер үлүшү бар. 2017-2018-жылдар ичинде 709 миң сом киреше тапкан.

Эрлан Абакир уулу

«Күчтүү регион» партиясынын 13-катарында «жумушсуз» деп көрсөтүлгөн Эрлан Абакир уулу да бир компаниянын ээси. Sled жана OSOO.kg кызматынын расмий сайтында «Дэпэндэбл Компани» фирмасына биргелешип ээлик кылары көрсөтүлгөн. Бул бизнеси Бишкектин 1-май районунда жайгашкан. Компания бизнести колдоо багытында иш алып барат.

Алмазбек Наматбеков

Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Алмазбек Наматбеков да “Күчтүү регионго” кошулду. Ачык булактарда анын атында  “Нуразар” аттуу компания бар. Бирок фирма жоюлуу алдында турат. 

Анарбек Шаршеев — Чүйгө караштуу Кегетин айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы. Ал “Күчтүү регион” партиясынын тизмесинде 16-орунда жайгашкан. Салык декларациясындагы маалыматка ылайык, Шаршеев 2017-жылы 67 000 сом тапкан. Кыймылсыз мүлктөрү жок. 

Ишкер Русланбек Мукамбетов да парламенттик шайлоого “Күчтүү регион” менен баратат. БШКнын сайтында ал да “жумушсуз” деп көрсөтүлгөнү менен ачык булактарда эки компаниянын ээси болуп чыкты. Анын атында “Бакай-Ата” коомдук фонду менен “Геолайн технологи” фирмасы  жазылган. Бул ишкана курулуш долбоорлорун иштеп чыгат. 

Жыйынтык: «Күчтүү регион» партиясы 29 талапкерин «жумушсуз» деп көрсөткөн. Бирок алардын ичинен беш кандитаттын бизнестери бар. Мындан тышкары жалпы 30 талапкердин арасынан сегизи мурдагы жана азыркы айыл өкмөт башчылары.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо