Акыркы суткада коронавирус 70 кишиден аныкталды. Эки бейтап көз жумду

Иллюстартивдик сүрөт

COVID-19 илдетин дагы 70 киши жуктуруп алды. Вирустан эмдөөдөн өтпөгөн эки бейтап көз жумуп, 67 адам айыгып чыкты.

Республикалык штабдан билдиришкендей, жаңы учурлардын 23ү Бишкек шаарынан, 21и Чүйдөн, алтоо Ош облусунан, экөө Таластан, сегизи Ыссык-Көлдөн, жетөө Жалал-Абаддан, үчөө Баткенден аныкталган.

Жалпы илдет жуктургандардын расмий саны өткөн жалдан бери 182 066га жетти. Анын ичинен илдетти жеңип чыккандар 177 760. Курмандыктар 2734.

Учурда ооруканаларда  457, үй шартында 579 адам дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо