Дүйнөдөгү эң кары адам көз жумду

Он тогузунчу кылымда төрөлгөн акыркы жана дүйнөнүн эң узак жашаган адамы Сусано Франциска 124 жашында каза болду. Ал Филиппинде жашачу. Бул тууралуу 22-ноябрда Кабанкалана мэриясы «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты.

Маалыматта өлүмдүн себеби азырынча аныктала электиги айтылат. Сусанодон COVID-19 белгилери байкалган эмес.

Гиннестин рекорддор китеби ушул жылдын сентябрь айында анын жашын текшерип, Сусано Франциска дүйнөнүн эң улгайган адамы деп жарыялаган. Гиннес китебине андан кийинки орунда 122 жашында каза болгон француз айымы Жанна Калмент катталган.

Сусано 1897-жылдын 11-сентябрында Филиппинде төрөлгөн. Анын 14 баласы бар, улуу кызы быйыл 101 жашка толду.

БУУнун алдында түзүлгөн World Happiness Report жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, беш өлкөдө Япония, Испания, Сингапур, Швейцария жана Түштүк Кореяда адамдар узак жашайт.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо