Орусиялык блогер кыргызстандык таксистке жаңы унаа белек кылды. Видео

Москвада белгилүү орусиялык блогер Гусейн Гасанов кыргызстандык таксистке жаңы унаа белек кылды.

Блогер социалдык эксперимент жүргүзүп, шаардагы таксисттерди акчасы жок кардарды жеткирүүгө макул болобу, жокпу текшерип көрүүнү чечкен. Ал ким макул болсо, жаңы машина алып берүүгө убада берген. Видео социалдык тармактарга жайгаштырылган.

Көптөгөн таксисттер блогерди бекер алып баруудан баш тартышкан. Бирөө макул болуп, ал кыргызстандык айдоочу болуп чыккан.

Блогер Гусейн Гасанов андан эмнени кыялданып жатканын сураган. Таксист карызын төлөп, оорулуу кызына жардам берүүнү пландап жатканын айткан.

Аягында блогер таксистке жаңы унаа белек кылган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от T̠M̠G̠ каналы (@tmg.kg)

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо