Ош шаардык кеңеши жол акы маселесин карап жатат

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Наргиза Анарбаева

Ош шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 25-ноябрда калаадагы коомдук транспорт үчүн жол акысын көтөрүү маселесин талкуулоодо. Жыйынга Оштун мэри Алмаз Мамбетов дагы катышып жатат. Маалыматтарда коомдук транспортто жүрүү акысын автобус, троллейбустарда 10 сомго, ал эми маршруттук унааларда 15 сомго көтөрүү тууралуу чечими коомдук талкуудан өткөн.

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын башчысы болуп Саипжан Турдуев депутаттарга маалымат берип, күйүүчү майдын жана автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу жол кирени көтөрүү талабы көптөн бери коюлуп келгенин билдирди.

Ушул тапта Ош шаарында күнүнө маршруттук автоунаалардан тышкары 26 троллейбус, 18 автобус шаар ичинде эл ташыйт. Муниципалдык транспорттон сырткары 650 маршрут каттамга чыгат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо