Ош шаарында жол акы 1-декабрдан тартып көтөрүлөт

Ош шаардык кеңешинин бүгүн, 25-ноябрдагы токтому менен калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы — 15 сом. Кечки саат жетиден кийин жүргүнчүлөр 20 сомдон төлөйт. Жол кире 1-декабрдан тартып кымбаттайт. 

Ал эми троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы мурдагыдай 10 сом (электрондук картасы барларга 6-8 сом) бойдон калды. Окуучулар үчүн да тартиф жогорулаган жок.

Ушул тапта Ош шаарында күнүнө маршруттук автоунаалардан тышкары 26 троллейбус, 18 автобус шаар ичинде эл ташыйт. Муниципалдык транспорттон сырткары 650 маршрут каттамга чыгат.

Калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2013-жылы сегиз сомдон 10 сомго көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып чыгышкан.

Учурда муниципалдык автобус-троллейбустарда жүрүү акысы — 10 сом, төлөө картасы барлар алты сомдон берет. Ал эми маршруттук таксилерде жол кире — 10 сом.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо