Ошто добуш сатууга шектелип партия өкүлдөрү кармалды

 24-ноябрда Ош шаарында шайлоодо добуш сатып алууга шектелип үч жаран кармалды. Алар «Ыйман Нуру» партиясынын үгүтчүлөрү болгонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, партиянын М.И аттуу 39 жаштагы өкүлү Ош шаарынын Автозоводская көчөсүндө өзүн «Ыйман Нурунун» үгүтчүсү катары тааныштырып, шайлоочуларга 40 миң сом таратып жаткан жеринен кармалган.

«Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясында келишимдин негизинде үгүттөөчү болуп иштеп жаткандыгын айткан. Ошондой эле 22-ноябрда  “Алмагул” аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында кырк миң (40.000) сом алгандыгын билдирген. Каражатты 24-ноябрда Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларга таркатып жаткан жеринде милиция кызматкерлери тарабынан кармалып калгандыгын тастыктаган», — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Ошондой эле шектүүнүн унаасын кароо учурунда 10 миңге жакын акча менен төрт даана «Ыйман Нуру» саясий партиясына таандык үгүт баракчалары далил катары алынган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан «Ыйман Нуру» партиясынын Т. Д. жана У. Н. аттуу үгүтчүлөрү кармалган. Алар көрсөтмөлөрүндө «Алмагүл» аттуу штаб башчысынан үгүттөөчү катары айлык жана шайлоочунун добушун сатып алуу максатында акча алгандыгын айтышкан. Ал каражаттарды Латипжанов көчөсүнүн тургуну Т. Л. аттуу шайлоочуга добуш берүү үчүн беришкендигин кошумчалашкан.

«Кармалгандардын жашаган батирлерине жана Автозоводская көчөсүндөгү партиянын штабына тинтүү жүргүзүлгөн. Андан баракчалар, дептерлер жана акча каражаттары табылды. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө штаб башчы “Алмагул” аттуу жарандын өздүгү аныкталды. Ал “Ыйман Нуру” партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип, штаб ачып жүргөндүгүн, ар бир шайлоочунун добушуна 1000 сомдон акча каражатын ортомчу жарандар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга берилгендигин билдирген»

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында М.И менен Т. Д. аттуу эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда бул факты боюнча окуянын башка катышуучуларынын өздүгүн аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталган. Ушул тапта үгүт иштерине байланыштуу БШКга 137 даттануу келип түшкөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо