Ошто талапкер УКМКга жеткирилди

Ошто №7 бир мандаттуу округунан талапкер шайлоо эрежесин бузгандыгы үчүн УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу 25-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Талапкердин аты жөнү баш тамгалар менен А.Б деп көрсөтүлгөн.

Маалыматка караганда ал, үгүт маалында өзүнүн ишенимдүү адамдарына жана үгүтчүлөрүнө накталай акча каражатын төлөп, шайлоо фондунан тышкаркы үгүт иштерин каржылаган.

«Буга байланыштуу ал түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга жеткирилген. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Ош шаарында №7 шайлоо округунан 6 талапкер бар. УКМКнын маалыматына Бекболот Арзибаевдин аты дал келүүдө.

Кечээ 24-ноябрда Ошто шайлоодо добуш сатып алууга шектелип үч жаран кармалган. Алар «Ыйман Нуру» партиясынын үгүтчүлөрү болгонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталган. Ушул тапта үгүт иштерине байланыштуу БШКга 137 даттануу келип түшкөн.

 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо