«Т-Медиа» сайтынын атынан Адахан Мадумаровдун пикири катары жазылган маалымат жалган

«Т-Медиа» сайтынын атынан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго шилтеме берилип жазылган материал чындыкка дал келбейт.

Кечээ, 24-ноябрда Фейсбук социалдык тармагында Адахан Мадумаров менен аталган партиянын өкүлү болжолдуу Эмил Бекиевдин сүрөтү коюлуп, «Т-Медиа» басылмасынын Фейсбуктагы баракчасынан бөлүшүлгөндөй болуп жасалган жалган сүрөт тараган.

Аны социалдык тармактан «Адамдар арасында» аттуу фейк аккаунт жарыялаган. Ал фейсбуктагы 50дөн ашуун группаларга бөлүшүлгөн. 

Буга чейин, ушул эле фейк аккаунттан ар кайсы басылмалардын ээн белгилери менен бир нече партия лидерлери, талапкерлер жөнүндө жалган пост менен сүрөттөр тараган. «Адамдар Арасында» деген баракча 9-ноябрда гана ачылып, жалаң шайлоого байланышкан постторду жарыялаган.

Эгерде сиз ушул сыяктуу маалыматты көрүп калсаңыз, ишенбөөгө жана таратпоого чакырабыз.

«Т-Медианын» журналисттери сайтка жана телеканалга даярдалган баардык материалдарды так, туура бергенге аракет кылып келет.

Биздин социалдык тармактардагы расмий баракчаларабыз:

Facebook: T-Media

Одноклассники: T-Media

Instagram: t-mеdia

Twitter: T-Media

Telegram: T-Media

YouTube: TMG телеканалы

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо