Алай шайлоо округунан талапкер Бөжөнов президентке экинчи ирет кайрылды

№ 11 Алай шайлоо округунан талапкер Замирбек Бөжөнов президент Садыр Жапаровго Улан Примов тууралуу экинчи ирет кайрылды. Анда ал Примовдун үстүнөн жазылган арыздарга БШК жана укук коргоо органдары калыс жана мыйзам чегинде карабай жатканын айткан.

Бөжөнов буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жарыялангандан баштап кайрымдуулук акцияларын чыгарганы үчүн Примовдун ишмердүүлүгүн текшериши керек деп ИИМге кайрылган. Бул жолу кайрылуусунда Ош облустук ИИБсы «курамында кылмыш жок»,- деген негиз менен ишти жаап, БШК милициянын чечиминин негизинде Примовго жазуу жүзүндө эскертүү берүү менен чектелгенин эске алды.

Ошондой эле, ага карата талапкер Примовдун атасына катталган “Ош Пирим” телеканалынын журналисттери тарабынан жалган маалыматтарды таратуу аракети көрүлгөнүн айтып, бул боюнча БШКга эки ирет жана укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылып, ушул күнгө чейин жооп албаганын билдирген.

Буга чейин, Алай шайлоо округунан ЖКга аттарган 4 талапкердин катарында Бөжөнов да, Улан Примовго байланыштуу Президентке кайрылган.

Анда алар аталган шайлоо округунда арзандатылган көмүрлөр таратылып жатканы тууралуу фактларды текшерүү үчүн Ош облустук ИИБнын башчысына арыз жазганын айткан. Ал арыздар боюнча тиешелүү көзөмөл органдары так жана калыс текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар катталса, кимге болбосун чара колдонуу керектигин жазышкан. Кайрылууда талапкерлер өткөн жылдагы бийлик алмашууга ЖК парламентинин шайлоосу шыкакчы болгонун эстетип, азыркы бийликтин шайлоону таза өткөрүүгө берген убадасына бек турууга чакырышкан.

Талапкер Замирбек Бөжөновдун арыздары боюнча азырынча маалымат бериле элек.

Ал эми Улан Примов да бул айыптоолорго өзү жооп бере элек. Кошумчалай кетек, аталган округдан парламенттик шайлоого аттанган беш талапкердин бири Примов ЖКнын акыркы чакырылышынын депутаты болуп келди. Анын жакындары ондогон ишканаларга ээлик кылып, айрыкча көмүр кен иштеткен ири ишкер катары сыпатталып келишет.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 579 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо