«Ал 5 деп кыйкырган». Ошто талапкердин байкоочусу журналистке кол көтөрдү

Бүгүн, 28-ноябрда Ош шаарынагы №5555 шайлоо тилкесинде ОшТВнын журналисти Абдумалик Базарбаевге кол көтөрүү болду. Анын ишине Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айбек Осмоновдун байкоочусу жана спортчулары тоскоолдук кылышкан.

Журналист Абдумалик Базарбаевдин «Т-Медиага» билдиришинче, алар шайлоо тилкесинде өнөктүктү чагылдыруу үчүн барган.

«Биздин телетоп №5555 шайлоо участогуна иш боюнча чагылдырууга эле барганбыз. Бирок, ал жерде башкачага окуяга туш болдук. Шайлоо тилкесинин дарбазасынан эле бейджик таккан, спорттук түзүлүштөгү бирөө келип, эмнеге тартып жатасыңар деп тоскоолдук кыла баштады. Ага чейин добуш берип чыккан үч жаранга бешпи, бешпи деп үйдүн арт жагына жөнөтүп жатты. Мен бул күмөндүү жагдай экенин түшүнүп, эмнеге 5 экенин сурадым.  Ал болсо мага кааласам тарттырам, каалабасам тарттырбайм деп урушуп, сөгүп баштады. Аты-жөнүн тааныштыруусун айтып жатканымда, машинада олтурган балдардын бири келип, мени жакалап, түрткүлөп баштады. Милициялар эч нерсе кылган жок. Тергөө тобун чакырдык. Ал болсо келип, сенин деле 5,6 таанышың келсе сен деле бешпи деп айтмаксын да деп протокол түзүп кетти», — деди Базарбаев.

Журналист, бул күмөндүү аракетке баа берүү жана ага кол көтөрүү боюнча БШКга, УКМКга арыз жазган.

Алар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айбек Осмоновдун байкоочулары экенин көрсөткөн төш белгини тагынып жүрүшкөн.

Айбек Осмонов Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №7 Ош шайлоо округунан катышып жаткан. Анын номуру 5 болуп бекитилген.

Милиция бул факт боюнча арыз түшө электигин, ЖМКлардагы маалымат боюнча эле Жоруктар Кодексинин 119–беренеси (майда бейбаштык) менен катталганын билдирди.

Ал эми, талапкердин штабы комментарий бере элек.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*