«Альянс» партиясынан кимдер алдыда? (Жаңыланды)

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партияларга берилген добуштардын баштапкы жыйынтыктары чыга баштады.

БШКнын расмий сайтындагы саат 21:30га алынган алдын ала жыйынтыктар боюнча «Альянс»партиясы алдыңкы төрттүктө 8,23% добуш менен келүүдө.

Эскертүү: бул тизме улам жаңыланып турат.

Шайлоодо 21 партия ат салышты. Бул жолу добуш берүүдө жаңы ыкма колдонулду. Жарандар бюллетенде партияга жана партиянын тизмесиндеги өзү каалаган талапкерге добуш беришти. Азырынча кайсы талапкерлер алдыда келатканы АСУнун жыйынтыгы боюнча гана жарыяланууда. Ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округдарынан жарышка чыккан талапкерлер боюнча жыйынтык да улам жаңыланып жатат.

Бул ирет партиялардан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Парламенттеги 90 орундун 54үнө партиялардан, 36сына бир мандаттуу округдардан депутаттар шайланат. Добуш берүүгө 3 миллиондон ашуун жаран укуктуу. Саат 18:00гө карата алардын 28% ашууну катышты.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо