«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан кимдер алдыда келе жатат? Инфографика

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партияларга берилген добуштардын баштапкы жыйынтыктары чыга баштады.

БШКнын расмий сайтына жарыяланган саат 20:30га алынган жыйынтыктар боюнча «Бүтүн Кыргызстан» — 11,15% добуш менен алдыда келе жатат.

Шайлоодо 21 партия ат салышты. Бул жолу добуш берүүдө жаңы ыкма колдонулду. Жарандар бюллетенде партияга жана партиянын тизмесиндеги өзү каалаган талапкерге добуш беришти. Азырынча кайсы талапкерлер алдыда келатканы маалым эмес.

Ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округдарынан жарышка чыккан талапкерлер боюнча жыйынтык да улам жаңыланууда.

Бул ирет партиялардан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Парламенттеги 90 орундун 54үнө партиялардан, 36сына бир мандаттуу округдардан депутаттар шайланат. Добуш берүүгө 3 миллиондон ашуун жаран укуктуу. Саат 18:00гө карата алардын 28% ашууну катышты.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо