Кечки саат алтыга бир миллиондон ашык кыргызстандык добуш берди

Кыргызстанда бүгүнкү парламенттик шайлоодо бирдиктүү шайлоо округунан саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 1 млн 50 миң 163 (28,36%) болду.

Аймактарга бөлүп карасак:

  • Бишкек шаарында — 119 677;
  • Ош шаары — 48 865;
  • Жалал-Абад облусу — 201 617;
  • Ысык-Көл — 84 730;
  • Нарында — 66 155;
  • Ош облусу — 227 348;
  • Талас — 51 495;
  • Чүй — 154 827;
  • Баткен — 88 840.

Ал эми бир мандаттуу округдардан 1 млн 37 миң  373  жаран добуш берди. Эң активдүү Көк-Жар округу (Ноокат, Ош — 35,08% ) Кочкор округу (33,98%), эң солгуну Аламүдүн округу (21,56%) болууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн 2494 тилке даярдалды. Анын 59у чет мамлекеттерде. Чет өлкөдө ачылган добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында жайгашкан. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны — 3 миллион 703 миң 420 киши. Чет өлкөдөн катталгандары 84 миң 128ди түзөт.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин элге кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*