Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү жараяны башталды

Кыргызстанда бүгүн, 28-ноябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

Жаңыланган мыйзамга ылайык, шайлоо аралаш системада өтүп жатат. Парламенттеги 90 орунга 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Шайлоочулар эки бюллетенге добуш беришет. Биринде партияны жана ошол партияда өзү колдогон талапкердин катар номурун белгилешет. Экинчи бюллетенде бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге добуш берилет. Бюллетендерде «баарына каршы» деген графа да болот.

Шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн 2494 тилке даярдалды. Анын 59у чет мамлекеттерде. Чет өлкөдө ачылган добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында жайгашкан. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны — 3 миллион 703 миң 420 киши. Чет өлкөдөн катталгандары 84 миң 128ди түзөт.
Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*