Президент: ар бир добуштан келечек аныкталат

Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен саат 8:30да Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чон-Арык айылындагы №1053 шайлоо участкасында добуш беришти. 

Мамлекет башчы добуш бергенден кийин журналисттерге чыгып, элди шайлоого активдүү келүүгө чакырды. Өз сөзүндө ал ар бир добуштан келечек аныкталарын белгиледи.

«Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам».

Мамлекет башчы бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин президенттик администрациядан билдиришти.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*