Баткен: бир мандаттуу округдардан кайсы талапкерлер көп добуш алды?

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча автоматтык урна системасы (АСУ) эсептеген алдын ала жыйынтыктарды жарыялады.

Ага ылайык, Баткен облусундагы №1 Лейлек шайлоо округунан добуштардын 53.03 пайызы эсептелди. Талапкер Чыңгыз Ажибаев 4 015 добуш (25.42 пайыз) алып, азырынча алдыда келе жатат. Аталган округдан бардыгы тогуз талапкер аттанган. Округдагы шайлоочулардын саны — 90 075. Бул округга Сүлүктү шаары толугу менен кошулат. Лейлек районунун Исфана шаары жана бардык айыл аймактары кирет.

Ал эми №3 Кадамжай шайлоо округунда добуштардын 63.89 пайызы эсептелип, талапкер Ырысбек Атажанов 3 199 добушка (13.77 пайыз) ээ болуп, алдыда келе жатат. Бардыгы он талапкер аттанган. Округдагы шайлоочулардын саны — 112 968. Ага Кызыл-Кыя шаары толугу менен, Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен шаарлары, Бирлик, Үч-Коргон, Чаувай, Абсамат Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары, Алга айыл аймагынын №8147 шайлоо участкасы биригет.

№2 Баткен шайлоо округунан болсо добуштардын 71.25 пайызы эсептелип бүттү. Депутаттыкка талапкер Нурлан Ражабалиев 4 685 добуш (18.38 пайыз) алып азырынча алдыга чыкты. Округдагы шайлоочулардын саны — 102 010. Баткен району жана Баткен шаары толугу менен, Кадамжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактары, Алга айыл өкмөтүнүн №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкалары кирет.

Белгилей кетсек, бул автоматтык эсептөө урнасынын гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен санап, акыркы жыйынтыкты 18-декабрга чейин чыгарат.

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Эрте менен саат сегизде ачылган добушканалар кеч 20:00дө жабылды. БШК азырынча канча адам добуш бергени тууралуу соңку, саат 20.00гө карата маалыматтарды бере элек.

Саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 28,36% болгон. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 28,66% түзгөн.

Жогорку Кеңешке шайлоого 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*