Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо эмнелерди эске алуу керек? Түшүндүрмө

"Т-Медианын" иллюстративдик сүрөтү

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Жаңы мыйзамга ылайык, президент, учурдагы парламенттин жана айылдык кеңештин депуттарынан башка бардык парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон мамлекеттик кызматкерлер жана саясий ишмерлер ээлеген кызматын тапшыруусу керек. Бул мыйзам муниципалдык жана 30% мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин жетекчилерине дагы тиешелүү. Бул чара админресурсту колдонууну алдын алуу максатында колдонулуп жатат.

«Т-Медиа» төмөндө шайлоо жараяны жөнүндө эмнелерди эске алуу зарыл экенин топтоштурду. (Ар бир суроого чычкан (мышка) менен бир бассаңыз, экинчи тарабында жообу чыгат.

 

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышууда. БШКнын маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөшүүдө.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар Бишкекте митинг өткөрүп, соңунда өлкөдө бийлик алмашкан.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*