Бир мандаттуу округдардын кайсынысында баарына каршылар көп болду? Инфографика

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдардан баарына каршы добуштар утуп чыккан тилкелерде шайлоо башынан өтүшү мүмкүндүгүн билдирди. Биз кайсы округда баарына каршы добуш бергендер канчоо экенин карап көрдүк. 

БШК бир мандаттуу 36 округдагы автоматтык урналардагы добуштардын дээрлик 100%ын эсептеп бүткөн. Анын жыйынтыгында Бишкектин Биринчи май шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан 35 713 жарандын 11 758и, Свердлов шайлоо аймагында 31 768 шайлоочунун 11 906сы баарына каршы добуш берген.

Бул оругдарда талапкерлердин алдыга чыкканы 5 миңден 9 миңге чейин гана добуш алып баарына каршылар утуп чыкты.

Талапкерлердин баарын шайлабагандар Ленин шайлоо округунда да көп. Аймакта 10 700 киши баарына каршы добуш берди. Бул округдагы 11 талапкердин ичинен Жаныбек Абиров баарына каршылардан 1000дей гана добушка көбүрөөк алып утуп чыкты.

Быйыл бир мандаттуу округдарда парламенттик шайлоого 282 талапкер катышкан. 36 округдун ар биринде 26дан 43 миңге чейин жаран добуш берди.

Эң көп Ноокаттагы Көк-Жар округунда шайлоочулардын 43%ы катышкан. Андан кийин жалпы катталгандардын 40%ы Нарындагы Кочкор, Таластын Манас округдарында шайлоого барды. Эң пассивдүү катышуу Чүй облуснун Аламүдүн округунда болуп, 110 миң шайлоочунун 30 миңи добуш берди. 

Кечээ, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Эми жыйынтыктарды БШК 20 күндүн ичинде санап, партиялык система менен 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкерге мандат берет. Алдын ала жыйынтык боюнча азырынча 5%дык босогодон «Ата-Журт Кыргызстан»,«Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» партиялары өттү.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 579 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо