Шайлдабекова БШКнын сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү

Сүрөт: Сабыр Аильчиев

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү.

«Оң жагында АСУнун эсептөөсү боюнча маалымат кетет, сол жагында — шайлоонун жыйынтыгы ыңгайлуу көрүнүшү үчүн жөн гана таблица турат. Мына ошол таблицабызда кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган. Ошондуктанда ал маалыматтарды негизги таблицадан алып, аны туура эмес көрсөтүп койгон — 2 позицияны кошуп салган, алар кошулбашы керек эле. Ал дароо эле байкалган. Болгону чагылдырып көрсөтүү программасы туура эмес. Негизги системада эч кандай мүчүлүштүктөр жок, системанын баары бекем иштеп жатат. Маалыматтардын эсебин текшерип коюу оңой. УШКларда байкоочулардын баары АСУдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын алып жатышат, кол санакка чейин. Ар бири сайттагы маалыматтарды салыштырып көрсө болот», — дейт ал.

Бүгүн 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Добуш берүү аяктагандан кийин Боршайкомдун сайтында автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алдын ала алынган маалыматтар жарыялана баштады. Анда кайсы партия канча добуш алганы көрсөтүлүп, маалымат улам жаңыланып жатты. Кийин сайт эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт, маалымат бербей жабылып калган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо