Шайлоонун жыйынтыгы: парламентке кайсы партиялар жана кимдер келет?

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына шайлоо өттү. Бул жактан добуш берүүнүн жыйынтыктарын көрсө болот. Боршайком маалыматтарды улам-улам жаңыртууда.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Аны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Жаңы мыйзамга ылайык, шайлоодо партиянын ичинен эң көп добуш алган талапкер депутат болот.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өттү. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16.
«Ишеним» — 13
«Ынтымак» — 10
«Альянс» — 8
«Бүтүн Кыргызстан» — 6
«Ыйман нуру» — 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылууда.

Бир мандаттуу округдар боюнча алдын-ала жыйынтар бул жакта:

Төрт партия кайра шайлоо өткөрүүнү жана Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылууда

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо