Аялдын бир өлүмү төрөт.
Күнөө - кайдыгерликте
21-октябрь күнү 25 жаштагы Айганыш Эсенбек кызы Ош облустук төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Ал 7 айлык кош бойлуу кезинде Москвадан келип, Кара-Суу райондук төрөт үйүнө каттоого турган. Ай-күнү жетип, 10-октябрда кызын аман-эсен жарык дүйнөгө алып келет. Кийинчерээк дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезе баштаган. Бирок дарыгерлер үйүнө чыгарып жибергенин маркум Айганыштын атасынын карындашы Албина Жунусова айтып берди.
"Сиңдим буга чейин тун кызын Кыргызстанда, экинчисин Москвада төрөгөн. Бул үчүнчү төрөтү болчу. Кесарево болгон эмес. Төрөгөнгө чейин оорубай, анализдери жакшы чыгып жаткан. Төрөгөндөн кийин апасына чалып "жакшы төрөп алдым" деп кызын көрсөтүптүр. Кийин кайра байланышып, "ичимде кан калып калыптыр, дарыгерлер тазалашты" деп айтыптыр.
Дене табы көтөрүлгөнүнө карабай дарыгерлер, анализдериң жакшы чыкты деп ооруканадан чыгарып жиберишкен. Үйүнө барганда да катуу ооруп, температурасы кайра көтөрүлгөн. Кайрадан Кара-Суу райондук төрөтканасына алып барса, алар жардам бере албай Ош облустук төрөт үйүнө жиберди.
Ал жерден келин аз кандуулук менен жабыркап жүрүптүр дешти. Ымыркайын көтөргөн бактылуу сиңдимдин ордуна төрөт үйүнөн анын сөөгүн чыгарып кеттик",- деди Албина Жунусова.
Айганыштын туугандары келиндин өлүмү дарыгерлердин кайдыгерлигинен жана шалаакылыгынан болду деп эсептешет.
Москвада каттоодо туруп тапшырган анализдеринин, Кара-Суудагы төрөгөнгө чейинки анализдеринин жыйынтыктары - баары жакшы деп турат. Аз кандуулук жөнүндө биринде да көрсөтүлгөн эмес.
Ошондуктан, биз Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылдык. Себеби Айганыш дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болду. Сиңдимдин дене табы көтөрүлгөндө эле чыгарып жибербей, ооруканада карашы керек болчу. Алар жасаган ишине мыйзам чегинде жооп беришсин.
Азыр маркумдун 3 баласы энесиз калды. 3 жаштагы кызы жана бир жарым жаштагы уулу тайнесинин кароосунда. Ымыркай атасынын бир тууган эжесинин үйүндө.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип жатат.

Өнөкөт оорулар кош бойлуу кезде күчөйт
Адистердин айтуусунда, кош бойлуу аялдардын экстрагенеталдык оорулары да алардын төрөт учурунда көз жумуусуна себептердин бири. Мисалы, жүрөк, бөйрөк, ашказан, баш мээсинде же башка өнөкөт оорулары бар аялдардын төрөтү оор болот. Айрымдары өлүм менен аяктайт.

Ош облусунун энеликти коргоо боюнча координатору Назира Казакованын айтуусунда 2021-жылдын 9 айында 4 аял төрөттөн көз жумган. Алардын экөө экстрагениталдык патологиядан, экөө кош бойлуулуктун кабылдоосу менен каза болгон.
«Мурда кесарево менен төрөгөндөр аз болгон»
Динабү Жунусова 1995-жылы Алайкуу айыл өкмөтүнүн Кан-Коргон айылына фельдшер-акушерка болуп барып, 100дөн ашык баланын киндигин кескен. Айыл жергесинде шарт начардыгына карабай оор төрөттөрдү кабыл алып, шаарга каттаган кош бойлуу келиндер азайган. Азыр техника өнүгүп, УЗИ менен баланы көрүп эле аман-эсен төрөтүп алса болот дейт пенсияга чыккан акушерка.
Динабү Жунусова
фельдшер-акушерка
Эң биринчи төрөттү кабыл алганымда эле бала төрөлгөндөн кийин тон түшпөй калган. Эгер тон түшпөсө кан кетип, эненин өмүрүнө коркунуч жаралат. 10 мүнөт күтүп, анан колуму спиртке салып эле тонду кол менен тазаладым. Төрөт бир өлүп, тирилгенге барабар эле нерсе. Өзгөчө алгачкы төрөт оор болот. Айылда УЗИ да жок бүктөлүп, отуруп келген баланы төрөтүп алганмын. Бирок, келин 24 саат толгоо тарткан. Мен төрөткөн балдар 2-3 баланын ата-энеси болуп калды. Азыр дароо эле кесарево деп коюшат. Технология өнүккөн заманда төрөт өлүмүнүн алдын алууга мүмкүнчүлүк бар.
Кыргызстанда акыркы 5 жылдан бери төрөттөн каза болгондордун саны былтыр, 2020-жылы кескин өскөн. Былтыркы пандемия коштогон шартта кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда же төрөттөн кийин 57 аял каза болгон. Алардын көпчүлүгү Жала-Абад облусунда.

Чет мамлекетте кош бойлуу келиндерге өзгөчө көңүл бурулат
Кыргызстандык Алина Муратбек кызы кош бойлуу мезгилинде Москвага жолдошу менен кеткен. Ал жактан керектүү документтерди топтоп, мамлекеттик поликлиникага катоого турган. Алгач барганда 1 айдай анализ тапшырганын айтат.

Алина Муратбек кызы
Кош байлуу мезгилимде Өзгөндө каттоого турганмын. Москвага келерде каттоодон чыгып келип, бул жакка кайрадан каттого турдум. Бул жактан Кыргызстандан 2 эсе көп анализ тапшырдым. Медицина күчтүү болгону үчүн анализдердин түрү көп болот экен. Азыр айына бир жолу анализ тапшырып, жума сайын каралууга барам. Эгер келе албасаң үйүңө барабыз дешти. Кош бойлууларга өзгөчө мамиле кылышат. Баардык балдарыңды бул жактан төрөп өстүргүң келет.
Алина кош бойлуу энелердин өмүрүн төрөттөн сактап калуу үчүн эң биринчи медицина өңүгүш керек экен дейт. Күчтүү адистер, өнүккөн медицина өмүрлөрдү сактап калат.
«Анализдерде бир аз өзгөрүү байкалса дароо кам көрүшөт. Аялдарга кеңеш дегени бар экен. Анда стоматолог, окулист сыяктуу дарыгерлер бар. Алар ичтеги баланын айына карап, тишке, көзгө, кулакка кам көргөндү үйрөтүп, кеңеш берет. Кыргызстанда баардык кош бойлуу келиндерге окшош эле витаминдерди жазып берет. Москвада кош бойлууларды 3 бөлүккө бөлүп карайт экен. Азыр мен 2 бөлүгүндөмүн. Өзүнүн витамин даарысы бар. Анализ тапшыраарда атайын глюкозаны сууга аралаштырып, кан тапшырып жатканда бөлүп берип турат. Эч качан кызматы үчүн акча сурабайт», -- Алина Муратбек кызы
Ошто төрөткө даярдаган мектеп ачылат
Кош бойлуу энеге өзгөчө көнүл буруу, ичтеги балага, энесине керектүү витаминдерди берип, саламаттыгын мурдагыдан да жакшы каралышы керек. Буга чейин Ош шаарында төрөткө даярдоо мектеби иштеп келип, кийин жоюлуп кеткен. Учурда кайра ошол мектепти ачуу пландалууда.
Кишимжан Мурзакулова
Ош шаарынын башкы акушер-гинекологу
Боюнда бар мезгилде энелердин бөйрөгү ооруп, шишип, зордук зомбулукка кабылгандары бар. Бул балага, төрөткө түздүн түз тиешелүү. Жоюлуп кеткен төрөткө даяроо мектебин ачуу пландалып жатат. Мектептин программасы, пландалган сабактар бар. Жеке жана жамаат менен бөлүнүп 12 сабак өтүлөт. Бул окууда эмнени жасоого болот, баш тартуу керек болгон нерселер баары үйрөтүлөт. Кош бойлуу келиндер көнүүгүлөрдү жасап, туура дем алуу, жатуу, уктоого токтолот. Бул окуудан кийин аял төрөттөн коркпой, кайсы убакта кандай кыймыл жасоо, төрөт учурунда эмне кылуу керек дегенди билип калат. Мектепте атайын окутулган даарыгерлер иштейт. Эми бул мектепти жандардырабыз. Шаар боюнча жок дегенде 2-3 жерде болгону жакшы. Андан кийин акырындык менен жайылтабыз.
2009-жылы Кыргызстанда 102 эне төрөттөн каза болуп, КМШ өлкөлөрү боюнча алдыңкы сапка чыккан. 2011-жылы 82 аял каза болсо, 2016-жылы азайып 48 аялга түшкөн.
Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.