Ошто жеңил унаа сайга кулап, эки киши каза болду

Сүрөт: ӨКМ

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга кулап, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык кечээ, 29-ноябрда болгон.

Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. ӨКМдин куткаруучулары унааны сайдан чыгарышкан.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*