Балдардын уурдалышы. Сузакта жалган маалымат тараткан жаран аныкталды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы, «WhatsApp» аркылуу жалган маалымат айткан адам аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал райондогу орто мектептердин биринин  мугалими болгон.

«Ал Сузак районуну тургуну, орто мектеп мугалими болгон. Кыздаркан Асанова бул үн жаздырууну өзүнүн уулуна жөнөткөндүгүн, ал небересине жөнөтүп, небереси башка тайпаларга бөлүшүп жибергендигин айткан. Ал жактан тарап кетишин билбегендигин, жасаган ишине өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча учурда алдын-ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Эске салсак, буга чейин «WhatsAppтан» Сузак районунда балдардын массалык уурдалып жатканы, алардын төртөө табылып, бирөө дайынсыз болгону боюнча аудио тараган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо