БШКнын курамын алмаштырып, кайра шайлоо өткөрүү боюнча кол топтоо башталды

«Азаттыктын» түз эфиринен скриншот алдынды

Change.org  сайтында Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамын алмаштыруу талабы менен электрондук петицияга кол топтоо башталды. Демилгенин автору — Касиет Мамырбаева. 

«Добуш берүүнүн жыйынтыктарына караганда, парламентке бийликчил партиялар жана талапкерлер өттү. Дал ушул добуштарды алдын ала эсептөөдө адам факторунун катышпаганы БШКнын шайлоо системасындагы ишенимдүү аргументи болуп келген. Ошондой эле Боршайком автоматтык эсептөө системасы (АСУ) сырткы кийлигишүүдөн корголгонун айтып келген. Байкоочулар жана шайлоого катышкандар добушканалардан протоколдорду дагы деле ала албай жатат», — деп жазылган петицияда.

Кол топтоону түзгөндөр төмөндөгү шарттарды жазышкан:

  1. БШКнын төрайымы жана толук курмамын алмаштыруу;
  2.  Кийинки шайлоого «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиялары менен катышкан талапкерлерди, добуш сатып алууга айыпталып кармалгандарды катыштырбоо;
  3. Жогорку Кеңешке кайра шайлоону  өткөрүү, БШКнын  курамын жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүү.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өткөн. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланды. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоодогу бюллетендердин 30% ашууну кол менен саналып бүттү. Бул 30-ноябрь, кечки саат 21:00гө карата маалымат. Азырынча төмөндөгү жети партия 5%дык босого чектен өттү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 14.58 пайыз;
  • «Ынтымак» — 14.06 пайыз;
  • «Ишеним» — 11.97 пайыз;
  • «Ыйман нуру» — 7.41 пайыз;
  • «Альянс» — 7.09 пайыз;
  • «Эл үмүтү» — 5.85 пайыз;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 5.69 пайыз.

Боршайкомдун маалыматында добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болгон. Бирок добуш берүү соңуна чыккандан кийин мекеменин жыйынтык чыгарган онлайн системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

30-ноябрда президент Садыр Жапаров БШКнын сервериндеги мүчүлүштүктөр боюнча «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу экинчи жолу түшүндүрмө берди. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүктү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатат

Ушул эле күнү Боршайком өзүнүн сайтына сүрөт тиркелген билдирүү жарыялап, талаш жараткан окуяга түшүндүрмө берүүгө аракет кылган. Мекеме үкөк (АСУ) менен серверге эч ким кире албай турганын, ал автоматташтырылган компьютердик система экенинайтууда. Мындан тышкары жашыра турган эч нерсе жок экенин жана бардык тараптарды кол менен саноого катышууга чакырууда. Кол санактын алдын ала жыйынтыгы бир-эки күндүн ичинде белгилүү болору айтылып жатат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*