Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети болду

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге спорт түзүлүштөгү белгисиз адамдар тарабынан кол салуу аракети болду. Бул тууралуу саясатчы юрист Канат Хасановдун «Фейсбуктагы» түз эфиринде айтты.

Өмүрбек Текебаев «Парк Отель» мейманканасынын кафетерийинде отурган. Белгисиз адамдар кирип келип, унаага салып, алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, отелдин коопсуздук кызматы үлгүрүп калган.

«БШКнын жанына эмнеге нааразычылык өткөрүп жатасыңар. Утулгандан кийин жөн эле олтурбайсыңарбы дешти. Бул бийликтин партиясынын тарапташтары экени байкалып эле калды. Менин телефонумда сиздерге керек эч нерсе жок. Анда менин апам менен түшкөн сүрөттөрүм, үй-бүлөлүк сүрөттөр сакталган болчу. Анын силерге кереги жок. Алып келип отелдин коопсуздук кызматына таштап кеткиле. Мен кайра акчага сатып алам. Адам болгула», —  деген Текебаев.

Ошол эле видеодо юрист Канат Хасанов,  Өмүрбек Текебаевди 60-70 бала маршуртка менен келип белгисиз жакка алып кеткенге аракет кылышканын айтты.

«Отелдин коопсуздук кызматы үлгүрүп калды. Урматтуу, Улан Ниязалиев, Камчыбек Ташиев силерге кайрылам. Бул эмне? Биздин өлкөдө баары боло береби? Келип кетпейсиңерби? Садыр Жапаров сиз жакын турасызда бизге, келип кетпейсизби? Бул эмнеси?», — деп суроо салган юрист Канат Хасанов.

Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата Мекен» партиясы 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан. Саясатчы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талабын коюп жатышкан.

Учурда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар менен тарапташтары БШКнын жанында нааразычылыкка чогулушкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо