Шайлоонун жыйынтыгы менен макулсузбу? Сурамжылоо

Сүрөт: T-Media

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразылык жаралууда. 

Ишенбөөчүлүккө Боршайкомдун жыйынтык чыгарган онлайн системасындагы мүчүлүштүк себеп болду. Сервер өнөктүктөн кийин үзгүлтүккө учурап, бир аз убакыттан кийин кайра оңдолгон. Бирок, андагы добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Айрым партиялар ага нааразы болуп, жыйынтыкты тааныбай, жокко чыгарууну талап кылууда. Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, добуш саноого зыяны тийбегенин билдирип келет.

Коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Арасында кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылгандар, же болбосо каршы болгондор да бар.

Сурамжылоого катышып, өз добушуңузду берип көрүңүз.

Азырынча алдын ала жыйынтык боюнча, автоматтык эсептөөдө 6 партия алдыда келе жатат.

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 17,33 пайыз;
  • «Ишеним» — 13,62 пайыз;
  • «Ынтымак» — 10,94 пайыз;
  • «Альянс» — 8,32 пайыз;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,90 пайыз.
  • «Ыйман нуру» — 6,13 пайыз;

Ал эми бир мандаттуу 36 округдун экөөсүндө баарына каршы добуштар көп болгон. Калган 34 округдан жогору добуш алгандар арсында мурунку депутаттар, жеке ишкерлер жана бизнесмендер бар.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 579 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо