
Баткен районундагы Дахма участкасында түн тынч өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Кечээ, 1-декабр саат 23:30да Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде чек арага чектеш райондордун акимдери, укук коргоо жана башка органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.
Жыйынтыгында 2-декабрдан тарта эки өлкөнүн укук коргоо органдары чек ара аймагын биргелешип күзөтүү чечими кабыл алынган.
Эске сала кетсек, кечээ саат 21:15те Дахма аймагында, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 жолу ок чыгарган.
Саат 09:00гө карата кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп бааланууда.
Оставьте первый комментарий