Кол менен эсептөөнүн 2-декабрь саат 15:00гө карата жыйынтыгы. Кайсы партиялар алдыда?

Бүгүн, 2-декабрь саат 15:00гө карата алты партия 5% босогодон өттү. Жалпысынан 1721 протокол саналып бүткөн. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 2494. 

Парламенттик шайлоо
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо 28-ноябрда өткөн. Боршайкомдун маалыматында добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болгон. Бирок добуш берүү соңуна чыккандан кийин мекеменин жыйынтык чыгарган онлайн системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

30-ноябрда президент Садыр Жапаров БШКнын сервериндеги мүчүлүштүктөр боюнча «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу экинчи жолу түшүндүрмө берди. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүктү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатат

Ушул эле күнү Боршайком өзүнүн сайтына сүрөт тиркелген билдирүү жарыялап, талаш жараткан окуяга түшүндүрмө берүүгө аракет кылган. Мекеме үкөк (АСУ) менен серверге эч ким кире албай турганын, ал автоматташтырылган компьютердик система экенинайтууда. Мындан тышкары жашыра турган эч нерсе жок экенин жана бардык тараптарды кол менен саноого катышууга чакырууда. Кол санактын алдын ала жыйынтыгы бир-эки күндүн ичинде белгилүү болору айтылып жатат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*