Коронавирус 56 кишиден аныкталды. Үч бейтап каза болду

Бүгүн, 2-декбарга карата COVID-19дун жаңы 56 учуру катталды. Илдеттен эмдөөдөн өтпөгөн үч бейтап каза болду. Ошол эле учурда 72 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 27;

Чүй облусу – 9;

Ош облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 11;

Жалал-Абад облусу – 3;

Баткен облусу — 5.

Жалпы жуктургандар өткөн жылдан бери 183 460га жетти. Анын ичинен айыккандар 178 404. Курмандыктар 2752.

Учурда ооруканада 389, үй шартында 432 адам дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*