UWW уюму кыргызстандык балбандар Эрназар менен Жоламанга 3000 доллардан берет

Кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Жоламан Шаршенбеков дүйнө спортчулары арасында жүргүзүлгөн Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун тандоосу менен 3000 доллардан сыйлык алышат. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды. 

Уюм күрөштүн үч түрүндө 30 салмактык категориядагы балбандардын рейтинги боюнча жыл жыйынтыгын чыгарып жатат. Анда биринчи орунду алган балбанга 10 миң доллар, экинчи орунга 7 миң, үчүнчү орунга 3 миң доллар тапшырылат.

UWW жарыялаган жыйынтыкта кыргызстандык балбан Акматалиев 70 килограмм салмак категориясында 40 упай топтоп, үчүнчү орунду ээледи.

«Өсүп келе жаткан жылдыз Эрназар Акматалиев дүйнөлүк чемпионатта 40 упай алып келген күмүш медалынын аркасында үчүнчү орун үчүн 3 миң доллар алат», — деп айтылат уюмдун маалыматында.

Ал эми Шаршенбеков дүйнө рейтингинде 60 килограммга чейинкилер арасында үчүндү орунду ээлеген. Балбан Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш байгеге ээ болгон. Бул натыйжа ага 38 упай алууга мүмкүндүк берди. Ошондой эле Токио Олимпиадасында жетинчи орун үчүн 16 упайга ээ болгон. Ал 54 упай менен 3 миң долларга ээ болгону турат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*