Президент депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө»  жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 2-декабрда өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды. Атап айтканда парламентарийлердин маянасы азайды. Сумма төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:

  • Жогорку Кеңештин төрагасы 30 миң сом;
  • Вице-спикерлер – 27 миң сом:
  • Парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына — 26 миң сом:
  • Депутаттар — 25 миң сомдон айлык алышат.

«Жарлыктын максаты — республикалык бюджеттин чыгашаларын иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу. Президенттин жарлыгы жаңы бюджеттик саясатты — мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөнү демилгелейт. Ошондой эле бюджеттик каражатты үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон нормативтик мүнөзгө ээ», — деп айтылган маалыматта.

Маалыматта Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келгени кабарланды. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок депутаттарга бөлүштүрүлөт.

Маяна боюнча алганда айлык акы жана ага кошула турган каражат бар. Иштегени үчүн чыга турган айлыкка стаж, аскердик наам, класстык чин, илимий даража ж.б. үчүн акча кошулат да, башка сумма келип чыгат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо