Жалал-Абадда сарайдан өрт чыгып, мал-жандыктар күйүп кетти

Сузак районунун Кара-Алма айылында сарай өрттөнүп, 12 баш кой менен бир торпок күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМге 1-декабрь күнү саат 23:50дө билдирүү түшкөн.

Тилсиз жоо 01:19да курчоого алынып, бүгүн саат 08:01де толугу менен өчүрүлдү.

Жалпысынан сарайдын 192 чарчы метр аянты, мал-жандыктар жана 1000 түк чөп жана 600 боо жүгөрү бакалы күйгөн.

Өрттүн чыгуу себептери учурда такталууда.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*