Кыргызстанда аялдар кайсы тармактарда көп эмгектенет? Инфографика

Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы кызматкерлердин басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт. Мында иштеген аялдардын көрсөткүчү 39,2%. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди

Маалыматда кызматкерлердин көпчүлүгүн эркектер түзгөн тармактарга прокуратура, бажы кызматы, эсептөө палатасы, парламент жана сот кирет. Аялдардын саны билим берүү, мамлекеттик каттоо, саламаттыкты сактоо министрликтеринде басымдуу.

Ошондой эле, юстиция, финансы министрликтеринде аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей. Чоң айырма жок.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда 3,3 млн аял болсо, анын 48%ы гана жумуш менен камсыздалган. 30-ноябрда Улуттук статистика комитети өлкөдө аялдар эркектерге караганда билимдүүрөөк экенин билдирген. Былтыр ар кандай жумуштагы кызматкерлердин арасында жогорку билимдүү аялдар 28%, эркектер 17%ды түзгөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*