Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №1 шайлоо округунан катышкан Исманали Жороев, шайлоого аралашканы үчүн кызматтан алынган жетекчи кайра ордуна келгенин айтты. Ал бул тууралуу БШКнын кечээ, 3-декабрда өткөн жыйынында билдирген.
Исманали Жороевдин айтымында, Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кайра кызматына кайткан.
«Мен бул жерге келбейт болчумун. Бирок, келгенге туура келди. Буга чейин шайлоого аралашканы үчүн деп аким кызматынан алынган. Мэрге сөгүш берилген. Бирок, шайлоо бүткөндөн кийин Лейлек районунун акими кайра ордуна келип жатат. Шайлоо учурунда ишенимден чыкканы үчүн иштен алынып, шайлоо бүткөндөн кийин кайра ишенимге кирип калып жатабы? Мен үгүт учурунда 76 айылда 118 жолугушуу өткөрдүм. 8 миңдей добуш алдым. Шайлоо күнү менин досторум добуш сатып алуулар боюнча УКМКга кабар беришкен. Алар эки адамды табышкан. Бирок жыйынтык жок. Мен биздин округда кайра шайлоо өтүшүн талап кылам. Шайлоо таза өткөн жок», — деп билдирген Жороев.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы бул билдирүүнү четке какты.
«Жок. Алмазбек Рахманкулов кайра ордуна келген эмес. Учурда Лейлектин акиминин милдетин биринчи орун басар Абдишарит Ташбалтаев аткарууда», — деди маалымат катчы Кундуз Жоробекова.
Эске салсак, 27-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Баткендин Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан четтетилгенин айткан. Ага акимдин үгүт иштерине аралашканы себеп болгон. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына да чыккан.
Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өткөн. Ага 21 партия жана 282 талапкер катышкан. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.
Оставьте первый комментарий