Өмүрбек Текебаевге кол салды делгендер кечирим сурашты. Видео

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон видеого түшүп калган жарандар окуяга катыштары жок экенин айтып, кечирим сурашты. Бул тууралуу видеону саясатчынын тарапташы Жакшылык Бердибек Уулу “Фейсбук” баракчасында бөлүштү. 

Жарандар бүгүн, Өмүрбек Текебаев менен жолугушууга келишкен. Алар окуя болгон күнү Токмоктон Жогорку Кеңештин имаратынын алдына «тынчтык керек» деген ураанда чогулганын, саясатчыга кол салуу ниети болбогонун айтышкан.

«Биз кечирим суроо үчүн келдик. Ал күнү сизди сабайлы деп чогулган эмеспиз. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Токмоктон келиптынчтык керекдеп эле бир сааттан бери турганбыз. Анан элди дүрбөтпөгүлө, элчилик жакка тургула деди. Ошол жакка өткөнбүз. Ортодон провакация болуп кетти. Биз башкаларды ызычуу кылбагыла деп токтотуп жаттык. Азыр эми ошол видеолорду бөлүшүп жатышат. Биз ортодо курал эле болуп калдык. Бирок сиз деле ошол жерде айтпадыңызбысилердин күнөөңөр жокдеп» – дейт жарандардын бири.

Текебаев кечирим сурап келгендерге жана ИИМ кармаган жаранга дооматы жок экенин билдирди.

«Менин силерге дооматым жок. 2-3 провакатор митингди сен уюштуруп жатыпсың деп уруп жиберди. Бирок буга чейин кол салгандар карапайым жарандар экен, алар “Текебаев сен тажаттың деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берди деп президент өзү айтпадыбы. Митингдерден тажадык уруш-талаш болбосун дегендер болуп чыкты деди. А митингди таркатуу үчүн күч колдонуу керек. Эми чырдын эч кимге кереги жок, кечирдим» – деген Текебаев.

Текебаевге кол салуу

Бишкектеги «Парк отель» мейманканасында 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети болгон. Анын айтымында, ондогон беткап кийген адам саясатчыны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган. Алар саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Кол салуудан кийин Текебаев «Жалбырак» телеканалы аркылуу түз эфирге чыгып, окуянын чоо жайын айтып берген. Анда саясатчынын бети көгөрүп, эриндери кан болгонун көрүүгө болот.

Муну Текебаев «саясий террор» деп атап жана өзүнүн ишмердиги жана шайлоо жыйынтыгына болгон позициясы менен байланыштырууда. Ал Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*