Токтогул суу сактагычында 10,9 млрд куб метр суу бар

Сүрөт: Акчабар

3-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллирад 971 млн куб метрге чейин төмөндөдү. Ушул тапта суу сактагычка секундасына 156 куб метр суу агып кирсе, андан 534 куб метр суу агып чыгууда. 

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан өлкөдө энергетикалык кризис күтүлүп жатканын энергетиктер эскертип келет. Ошол эле учурда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу белгиленген лимиттен орто эсеп менен 500 млн. кВт/саат ашыкча сарптап жатканы расмий кабарланды.

Суу сактагычтагы суу орто эсеп менен 8 млрд. куб метрге чейин төмөндөсө, Токтогул ГЭСинин иши токтойт.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*