
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча бардык салмактык категориядагы рейтингинде Айсулуу Тыныбекова эң көп упай алды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланган.
Эл аралык спорттук уюму мыкты спортчуларга сыйлык ыйгаруу үчүн жыл жыйынтыгын чыгарып жатат. Жалпы 10 салмактык категория боюнча үчтөн орун бөлүнгөн.
Рейтингде Америка төрт балбаны жана Япония эки балбанынын жетишкендиги менен алдыга чыкты. Ал эми Тыныбекова өзүнүн 62 киллограмм салматык категориясында биринчи орунду ээледи. Ошондой эле, UWW рейтингинде алдыга чыккан 30 спортчунун ичинде эң көп 136 упай топтоду. Муну менен кыргыз балбаны Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун 10 миң доллар сыйлыгын жеңип алды.
«Рейтингде Айсулуу Тыныбековадан (KGZ) көп упай алган балбан болгон жок. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону төрт түрдүү дисциплинада 136 упайга ээ» — деп жазган уюм.
Тыныбекова упайды төрт ири мелдешке катышып алган. Анын апрель айындагы Азия чемпиону болгонуна 18 упай, Польшанын ачык чемпионатындагы алтын медалына 16, Олимпиада оюндарындагы күмүш медалына 44 упай берилген. Ослодо дүйнө чемпиону болгондо 58 упай кошулган.
Жыл жыйынтыгында кыз-келиндер күрөшүнүн мыктылары 10 миң доллар, экинчи орунду алган балбандар 7 миң доллар, үчүнчү орундагылар 3 миң доллар менен сыйланат.
Буга чейин аталган рейтингде эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев, грек-рим күрөшүндөгү жетишкендиктери менен Жоламан Шаршенбеков үчүнчу орунду ээлешкен.
UWW уюму кыргызстандык балбандар Эрназар менен Жоламанга 3000 доллардан берет
Оставьте первый комментарий