Кыргызстанда кылмыш жасаган аялдар көбүнчө бейбаштык, эркектер уурулук менен кармалат

Кыргызстан өткөн жылы кылмыш жана жорук жасаган 24 миңден ашык адам аныкталып, 2019-жылдан 20 пайызга көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратурасынын маалыматына таянып билдирди.

Акыркы беш жыл ичинде кылмыштардын саны 2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурунда кескин өскөн.

Кылмыш жана жорук жасагандардын көпчүлүгүн же 83 пайызга жакынын эркектер түзөт. Аялдар көбүрөөк бейбаштык, эркектер уурулук менен кармалат.

 

Былтыр 29 жаштагы жана андан улуу адамдар көбүрөөк кылмышка шектелип кармалды. Алар жалпы кылмыш жасагандардын 68 пайыздан ашыкгына туура келет. Ал эми, 18-24 жаштагылар 15 %, 25-28 жаштагылар 12 %ды, 14-17 жаш курактагылар 4 %ды түзөт.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 579 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо