
Кечээ 3-декабрда Москва шаарында кыргыз жаранына травматикалык тапанчадан ок атылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Ок тийген 23 жаштагы жаран такси кызматында иштеп жүргөн.
Окуя элчиликтин көзөмөлүнө алынып, Москва полициясы тарабынан иликтенип жатат.
Факты «бейбаштык» беренеси менен катталып, шектүү адам кармалган.
Оставьте первый комментарий